15-декабрьда, “Жашыл Ай Коому” Коомдук Бирикмесинин координатору Бегимай Гапарова жана Эл Аралык Инновациялык Технологиялар университетинин “Жаштар Борборунун” директору Жумаматова Гульмира Каимовна тарабынан вебинар уюштурулду. Бул вебинарда Республикалык Наркология Борборунун психологу Шокуров Кубатбек Кадыралиевич тамекинин ден соолукка тийгизген таасирлери, андан арылуу жолдору ж.б. пайдалуу нерселер тууралуу кенен маалымат берип кетти. Вебинарга жалпысынан 70тей студент катышып, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.