Эки жумуштуу кошо алып кеткенге мүмкүнчүлүк бар

Эки жумуштуу кошо алып кеткенге мүмкүнчүлүк бар

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР УНИВЕРСИТЕТИНИН 4 КУРС СТУДЕНТИ ТАЖИМАМАТ КЫЗЫ ЗАРАФШАН МЕНЕН ИНТЕРВЬЮ

Сизге дал ушул окуу жайды «Эларалык Инновациялык технологиялар университетин»     тандоого эмне себеп болду?
Инновациялык  технологиялар жана экономика колледжинин  (ИТЭК) 2018-жылы бутургон
бутуруучусумун. Азыркы учурда Эларалык Инновациялык технологиялар университетинде  4-курсунда технолог конструкторлукту  окуп жатам. Мен колледжди бутуп университетке тапшырганымдын себеби, билимимди дагы да болсо чындап, оз кесибимди теренинен окуп уйронуу. Ошондой эле озум учун гана эмес башкалар учун да пайдалуу иш жасоо болду десем боло. Университет менин келечегиме жол ачты. Мода дуйносуно теренинен киргизди. Кыялдарымын башааты болду.
Сиз ушул алган билиминиз, тажрыйбаларыныз менен кандай жетишуулорго жеттиниз?
2019-жылы Казакстан Республикасынын Тараз шаарында откон «Бабалар мурасы» аттуу  фестивальга катышып кайтканбыз.
Ал эми 2020-жылы Москвада болгон  Евразия улуттук кийимдери «Этно-эрато»  аттуу конкурска барып ЭИТУ нун атынан катышып келдим.
Азыркы учурда эмне менен алексиз?
Ошондой эле пандемия учурунда жазгы дем алышты бекер откузбойун деп, озум жашаган айылга чакан тигуу цехин ачып алып билимимди иш жузундо колдонуп иштеп жаткан кезим.
Азыр цехте 5 кызды иш менен камсыз кылып турган кезим. Цех чакан болгондуктан даяр бычылып келген кийимдерди тигуу устундобуз. Бугунку кундо эркек кишилердин кузгу желеттерин тигип жатабыз.
Жумуш менен окууну кантип кошуп алып кетип жатасыз?
Окуу учурунда административдик жумушту алып барып, тигуу цехке технолог жалдаганмын. Он-лайн окуудан бошогондо цехтин жумушуну козомолдоп турам. Азырынча эки жумушту кошо алып кеткенге мумкунчулук бар.
Эн негизгиси мен ата-энемин мага деген умутун актадым деген ойдомун.