Бүгүн, 22-декабрь, “Жашыл Ай Коому” Коомдук Бирикмеси жана Эл Аралык Инновациялык Технологиялар университетинин “Жаштар Борбору” менен биргеликте “Баңгизатка болгон көз карандылыктын кесепеттери” деген темада вебинар уюштурулду. Бул вебинарда Республикалык Наркология Борборунун психологу Шокуров Кубатбек Кадыралиевич баңгизаттын зыяндуулугу, ага кантип көз каранды болуп калбоо жолдору ж.б. пайдалуу нерселер тууралуу кенен маалымат берип кетти. Вебинарга жалпысынан 60тай студент катышып, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.