Өзүнүздү тааныштыра кетсениз?
Мен Сатынбек уулу Билимбек 2017-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебин аяктагам. Ошол эле жылы ЭИТУ нун “Архитектура чөйрөсүнүн дизайны” бөлүмүнө тапшырып, учурда 4-курстун студентимин.
Сиз эмне себептен ЭИТУнин “Дизайн архитектура бөлүмүн” тандадыныз,башка кесипти эмес?
Окуп жүргөн кезде эле чийгенге кызыгып, архитектор болгум келчү. Мага Архитектура чөйрөсүнүн дизайны бөлүмүнүн окутуу программасы жагат. Себеби практика көбүрөөк болгондуктан архитектураны жана дизайнды үйрөнүүгө көп шарт түзүлөт. Бул бөлүмдө тажрыйбалуу окутуучулар сабак берет, алардын арасында жаш прогрессивдүү агайлар жана Кыргызстанга эмгеги синген сүрөтчүлөр бар. Студенттердин билим алып, иштеп кетишине чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Университетте студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, электрондук китепкана, акысыз интернет жана кошумча окуу программалары бар.Сиз университетке кантип тапшыргансыз?
ЖРТнын жыйынтыгын алган соң, ЭИТУга келип экзаменден ийгиликтүү өткөм. Ошондон бери ЭИТУда өз билимимди өркүндөтүп келе жатам.
Окууга тапшырууда кыйынчылыктар жаралган жокпу?
Мен үчүн эч кандай кыйынчылыктар болгон жок.Өзүм каалаган кесип болгондуктан, экзамен мага кыйынчылык жараткан жок. Университетте көптөгөн ийгиликтерге жетишип, эл аралык жана ВУЗ дар аралык конкурстарга жана конференцияларга катышып, байгелүү орундарга илинип, алдыңкы студенттердин катарын толуктап келе жатам.Ушул багыт боюнча кандай практикалык ыкмаларга ээ болдуңуз?
Окутуучулардын жардамы аркылуу “ArtMax” –компаниясына практикага барып,өзүбүзгө керектүү маалыматтар менен таанышып,тажрыйба алдык.Кошумча окутуу курстарына катышып,өзубүздүн кесипке тиешелүу маалыматтарга ээ болдум.
Сиздин келечекте кандай пландарыңыз бар?
Келечекте окууну ийгиликтүү аятаган соң мамлекетибизге салым кошо турган иш булактарын иликтеп, завод, фирмаларды ачып жумуш орду менен элибизди камсыздап, жумушсуздукту бир аз да болсо азайтайын деген оюм бар.
Университетте сизге дагы эмнелер кызык?
Университетте студенттердин өзүн-өзү башкаруу системасы бар. Мен студенттик парламентте президент болуп иштейм. Бул жакта студенттер өздөрүнүн ойлорун түздөн-түз жеткире алат. Студенттик парламент көптөгөн конкурстарды, майрамдык иш чараларды уюштурат.