МАДАНИЙ ЭС АЛУУ

29-ноябрда ЭИТУнун Маданий аралык коммуникация жана психология институтун 1,2,3,4 курсунун студенттери 🇰🇬 Улуттук Тарых музейине барып келишти. Ал жерден кыргыздын байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый баалуулуктары болгон көп буюм эстеликтерди көрүштү. Музейдин үчүнчү кабатынан археологиялык буюмдар, б.з.ч. Даван,Усун мамлекеттеринин тушунда жасалып колдонулган чопо, жыгач, зергерлерди, төртүнчү кабаттан кыргыздын туруктуу экспозициялары болгон күнүмдүк турмушта колдонулган кийимдерин, бешинчи кабаттан кыргыздын чыгаан инсандарын жана алардын эмгектерине күбөө болуп келишти

Автор: Рыспаева Ч.К.