Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган тегерек стол

Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган тегерек стол

ЭИТУнун “Маданий аралык коммуникация жана психология” институтунда 2021-жылдын 20-майында кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жарыялаган беш айлыгынын алкагында жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 15 жылдыгына карата “Касым Тыныстанов – акын, драматург, алгачкы агартуучу, мамлекеттик ишмер” – аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин мамлекеттик тил, инновация жана өнүктүрүү боюнча проректору Матыева Акбермет Карыбековна, Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун директорунун м.а. Рыспаева Чолпон Курманбековна жана аталган институттун окутуучулары, ЭИТУнун 1-2-курсунун студенттери катышты. Алгачкы сөздү Матыева Акбермет Карыбековна алып, Касым Тыныстановдун өрнөктүү өмүрү тууралуу сөз кылып, тегерек столдун катышуучуларына ийгилик каалады.

Баяндамалардын соңунда буга чейин жарыяланган “Касым Тыныстановдун адабий мурастары (поэзия, проза, драматургия жанрларында)” – деген темада дилбаян сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка катаышкан студенттер Абдыкадырова Алия, Калыбекова Нурсезим жана Темирбекова Айдайдын эмгектери баса белгиленди.

Иш чаралардын максаты: Залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн жаштарга үлгү кылуу; илимий мурастарын, чыгармаларын студенттер арасында жайылтуу; студенттерди сабаттуулукка тарбиялоо.

Тегерек столдун уюштуруучусу жана модератору – Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун улук окутуучусу Жусупкелдиев Кадыржан Карыбекович.

Автор: РыспаеваЧ.К., Мукамедий уулу Н.