2021 жылдын 15-октябрында ЭИТУнун Маданий аралык коммуникация жана психология институту тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган ” Кыргызстан Эгемендик доорунда” аттуу ЖОЖдор аралык студенттердин жана магистранттардын илимий-практикалык онлайн конференция- сынагы болуп өттү. Ага 20 дан ашык мыкты студенттер макала сынагына ат салышты. ЭИТУдан, КОМТЕХНОдон, КИТЭден, Сингапур университетинен, Ж.Баласагын атындагы КУУ нун, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун, ККУнун студенттери мыкты макалалары менен катышып, жакшы ийгиликтерге жетишишти. Конференция абдан кызыктуу өттү жана мындай конференциялардын болуп турушун самаган студенттер ыраазылыктарын билдирип кетишти.