Ардак Грамотасы менен сыйлоо аземи
Эл аралык инновациялык технологиялар университинин түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу таалыкпай эмгек жасаган мугалимдерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен Дизайн, архитектура жана текстиль институтунун ага окутуучусу Абдиев Азамат Шейшенбаевич сыйланды.
2021-жылдын 26-майда студенттердин жана жаш окумуштуулардын илимий баяндамаларынын илимий-практикалык конференция-конкурсунун алкагында “ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ӨНҮКТҮРҮЛГӨН ЧЕЧИМДЕР” Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 15 жылдыгына арналган №2 “САЛТ ЖАНА ИННОВАЦИЯ АРХИТЕКТУРАДАГЫ жана ДИЗАЙН ЧЕЧИМДЕРИ” атайын секциясынын иш-чарасында салтанаттуу түрдө университеттин ректору Бегалиев Улугбек Турдалиевич Ардак грамотаны тапшырды.
Абдиев А.Ш. окуу жайдын өнүгүшүнө жана кесиптик квалификациялуу кадрларды даярдоодо кошкон салымы өтө зор, «Айлана-чɵйрɵнү кɵркɵмдɵɵ» адистиги боюнча кɵптɵгɵн бүтүрүүчүлɵрдү жетектеген, жыл сайын өтүүчү студенттик илимий-практикалык конференцияларда жетекчи катары активдүү катышып келет. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим тармагындагы кошкон салымы үчүн сыйланды.
Автор: Абдиев А.Ш.




