ЭИТУнун МАКжП институтунда Илим күнү белгиленди

ЭИТУнун МАКжП институтунда Илим күнү белгиленди

12- ноябрда Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун уюштуруусунда Илим күнүнө карата “Лингвист жана психолог кадрларын даярдоодо теория менен практиканын актуалдуу маселелери” аттуу тегерек стол болуп өттү. Илим күнүнө арналган иш чараны куттуктап ЭИТУнун ректору Бегалиев Улугбек Турдалиевич ачып берди. Ага Кыргызстандын ЖОЖдорунун окутуучулары жана студенттери өз макалалары менен активдүү катышып, көптөгөн, кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Тегерек стол онлайн жана офлайн форматта өттү. Өзгөчө баса белгилеп кетсек профессорлор Джунковская Наталья Владимировна, Ниязбекова Махабат, п.и.к., доцент Сураналиева Каным Калыбековнанын, доцент Шерматов Абдиназар Орунбаевичтин, ф.и.к., доцент Нарматова Бактыгул Балтабаевнанын , аспирант Кубатбек кызы Мээримдин,ага окутуучу Бахтигуль Култашеванын, ага окутуучу Камбарова Нургулдун макалалары, студенттерден Камбаралиева Фериденин, Туратбекова Адина, Сакиева Нуркыз, Элуубек кызы Айжандын, Суранова Сезимдин, Талип кызы Акберметтин макалалары абдан кызыктуу болду. Тегерек столдун жыйынтыгы катары илимий макалалар басылып чыгууга сунушталды.

Автор: Рыспаева Ч.К.