ЭИТУнун Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун “Лингвистика” багыты боюнча Л-1-18 тайпасынын студенти Канатбекова Уулкан Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык экономикалык билим берүү кафедрасы тарабынан даярдалган ” 23- сентябрь кыргыз мамлекетинин тил майрамынын 32- жылдыгына арналган ” Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу студенттер аралык сынакка катышып, грамотага ээ болду. Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун окутуучулар жамааты Канатбекова Уулканды чын жүрөктөн куттуктайт жана студенттерди илимий иш-чараларга, коомдук иштерге активдүү катышууга чакырат.