Жылдыздар көп болсо, асмандын көркү.
Билимдүүлөр көп болсо, акылдын көркү .
Эл аралык инновациялык технологиялар университети жана “Кадамжай жаштары” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Акыл тайм” аталышындагы Бишкек шаарынын ЖОЖ дорунун студенттери арасында интеллектуалдык оюн 30- октябрда болуп өттү. Ага 20дан ашык командалар катышышты. Аталган окуу жайдын МАКжП институтунун Л-1-18, Л-1-19, Л-1-20 тайпаларынын студенттери активдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.