2020-жылдын 25-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата

2020-жылдын 25-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата

     2020-жылдын 25-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата ЭИТУнун эмгек жамааты жана студенттердин катышуусунда ZOOM видеоконференц байланыш аркылуу  “Мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана келечеги” аталышындагы онлайн тегерек стол болуп өттү.Алгач куттуктоо сөзүн ЭИТУнун ректору У.Т.Бегалиев алып, бардык катышуучуларды майрам менен куттуктады. Мамлекеттик тилдин маанилүүлүгү тууралуу баса белгилеп, студенттерди өз тилин сүйүүгө жана ошону менен катар эле башка тилдерди да үйрөнүүгө чакырды. ЭИТУнун  Маданият аралык коммуникация жана психология институнун (МАКжП) директору Сартбекова Нуржан Коодоевна баардык катышуучуларды мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, тегерек стол баяндамалар менен башталды.

   МАКжП институнун директору Сартбекова Нуржан Коодоевна “Тил – маданий аралык байланыштын эң негизги куралы” , МАКжП институнун ага окутуучусу К.К.Жусупкелдиев “Улуттун эн тамгасы – тил”, Диз-1-20 группасынын студенти Бекболотов Жуманазар “Мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы” деген темаларда абдан кызыктуу баяндамаларды жасашты.

    Андан соң тегерек стол талкуу менен улантылды. Талкуулоо үчүн төмөнкүдөй темалар сунуш кылынды:

  1. Мамлекеттик тилибиздин бүгүнкү абалы
  2. Мен мамлекеттик тилибиздин келечегин кантип элестетем?
  3. Кыргыз тили Кыргызстандын аймагында маданий аралык байланыштын тили боло алдыбы?

    Талкуу аябай кызыктуу болуп, жогорку деңгээлде ɵттү. Талкууга студенттер жана окутуучулар абдан жигердүү катышышты. Акырында студенттер кыргыз акындарынын жана өзүлөрүнүн чыгармаларынан көркөм ыр окуп беришти. Иш чарага Маданият аралык коммуникация жана психология институтунун окутуучулар жамааты толугу менен катышты. Тегерек стол МАКжП институтунун ага окутуучусу К.К.Жусупкелдиев тарабынан уюштурулду.