2020 жылдын 23 сентябрында Кыргыз тили күнүнɵ карата ЭИТУнун эмгек жамааты жана студенттердин катышуусунда Zoom видеоконференц байланыш аркылуу салтанаттуу онлайн иш чара болуп ɵттү. Алгач куттуктоо сɵзүн ЭИТУнун ректору Бегалиев У.Т. алып, баардык катышуучуларды кыргыз тил майрамы менен куттуктады. Кыргыз тилин дүйнɵгɵ тааныткан Манас эпосу жɵнүндɵ учкай кеп айтуу менен бирге бардыгына чың ден соолук, ачык асман, иштерине албан ийгиликтерди, тилибиздин ɵнүгүшүн каалады. ЭИТУнун кыргыз тили жана инновациялар боюнча проректору Матыева А.К. баардыгын тил майрамы менен куттуктап, кыргызча ыр окуп берди.
Салтанат ЭИТУнун Жаштар борборунун директору Жумаматова Г.К. уюштуруусу менен студенттердин катышуусунда кɵркɵм өнөрчүлүгү менен уланды. Зулфидин уулу А. Манастан үзүндү айтып, Ɵмүрбек уулу М., Жумабекова Э., Махмадали кызы А. кɵркɵмдɵп ыр окуп беришсе, Муратов Э. комузда кол ойнотуп обондуу ырлардан ырдады. Студенттер элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү болгон жаңылмач айтуу менен, алып баруучулар уюштурган кыргыз тилине байланышкан «суроо-жооп» оюну тартууланды. Акырында ЭИТУнун проректорлору Матыева А.К., Касымов Т.М. жана башкалар баардык катышуучуларды куттуктап жыйынтыкташты.
